Ошто бири-бирине бычак менен тап берген достор кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-февраль күнү болжол менен саат 05:45 чамасында Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында З.А., И.М. жана А.А. аттуу жарандар үйүндө бири-бирине бычак көтөрүп тополоң кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Жогорудагы аты аталган жарандардын спирттик ичимдик ичкенин тактоо боюнча наркологиядан текшерүү жасалды. Аларга карата милиция кызматкерлери тарабынан кол көтөрүү болгон эмес. Алардын биринин жубайы ички иштер бөлүмүнө алып келген учурдан баштап коштоп жүрөт. Алар М. аттуу досунун үйүнө барышып, түнү менен карта ойношуп, таңга маал саат 5:30 чамасында чырдаша кетип колуна бычак алып бирин-бири кубалашкан. Бул учурда кошуналары милицияга кабар беришкен", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.