Ата-баланын таарынычын жазууга себепчи болгон Кубаныч Баркалбасовдун клиби "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Кубаныч Баркалбасовдун "Атанын кадырын билеличи" клиби кошулду. Клипти көргөндөн кийин окурмандарынан жакшы пикирлер келгенин, чыгарма тарбиялык мааниде экенин айткан ырчы буларды билдирди.

"Клип тартуу учурунда кызыктуу окуялардан да кайгылуу учурлар көп болду. Анткени клип карылар үйүндө тартылып сабак алдык. Клип интернетке чыккандан кийин көрөрманым кайрылды. Айтымында, көп жылдан бери ата-бала таарынышып жүргөн экен. Ушул ырды уккандан кийин баласы атасынан кечирим сурап, жарашканын айтты. Ыр тарбия берип жатканы мындан ары дагы иштөөгө шык берди", - дейт ал.

17-ФЕВРАЛДАН 24-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Анжеликанын "Бакытым" видеоклибине эң аз добуш топтоду.

9-орунга - Калыс Жакыповдун "Баары мүмкүн" кавери жайгашты.

8-орун - Мирлан Баековдун "Өксүк ыры" аталышындагы клибине буюрду.

7-орунду - Тата Уландын "Келатат жаштар" чыгармасы камсыздады.

6-орунду - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" видеоклиби камсыздады.

5-орунга - Айгерим Расул кызынын "Роза" чыгармасы жайгашты.

4-орунду - Аваз Акимовдун "Элегант" аталышындагы клиби ээледи.

3-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Сагын Эргешовдун "Жүрөгүмө жашап алдыңбы" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" композициясы ээледи.

1-орун - Сайкал Садыбакасованын "Жакшы сөз айтчы мага" ыры эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан