Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу рулга ээ боло албай жардан кулап кетти

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында айдоочу рулга ээ боло албай жардан кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаада айдоочу гана болгон.

"24-февраль күнү саат 23:30 чамасында Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун Капчыгай тилкесинде Тойота-Естима үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан кулап кеткен.

Унаада 1 эркек адам болгон. ӨКМнын куткаруучулары жерине барышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, жаракат алган айдоочуну Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткиришкен. Абалы канааттандырарлык", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-02-25 17:40:22
Ээ Аллахым этияттап айдагылачы Сактанганды сактайт дейт.Жашагынар келсе абайөап айдагылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан