Ошто каза болгон адамга таандык мүлктү мыйзамсыз сатып жиберген жана ага көмөк көрсөткөн мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери каза болгон жаранга таандык унаа кайра каттоодон өткөнүн аныкташкан. Маркум 2020-жылдын октябрь айында каза болгон.
"Февраль айынын башында Араван районунун тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси жолдошу 2020-жылдын октябрь айында каза болгонун, туугандарынын бири күйөөсүнө таандык Дэу Матиз унаасын сатып жибергенин айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Тергөө иштеринин алкагында өткөн жылдын ноябрь айында, тактап айтканда, маркум каза болгондон бир айдан кийин ага таандык унаа Ош шаарындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасында кайра каттоодон өткөн. Ага аталган ишкананын кызматкеринин катыштыгы болгон. Алып-сатуу келишиминде каза болгон жарандын колу коюлган. Учурда "Унаа" мамлекеттик ишканасынын кызматкери жана маркумдун тууганымын деген 1958-жылы туулган С.Г. кармалды. Бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатылып кеткен унаанын кайда экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.