Ош шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ош ШИИБине 1977-жылы туулган тургун арыз менен кайрылган. Анда Ш.Э. аттуу жаран арыз ээсинин ишеничине кирип, үй сатам деп үйүнүн документтерин коюп, жалпысынан 5 миллион 228 миң сомун алып, акчаны бербей же үйдү бербей алдап качып жүргөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"18-февраль күнү бул окуяга тиешеси бар деген шек менен Ош шаарынын 1983-жылы туулган Ш.Э. аттуу тургуну кармалып, суракка алынган. Шектүү катары суракка алынган Ш.Э аттуу жарандын үстүнөн мындан сырткары ушундай эле алдамчылык боюнча 11 арыз түшкөн. Бүгүнкү күндө аталган алдамчылык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүү катары кармалган жарандын Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.