Психикалык жактан жабыркайт. Жалал-Абадда 7 айдан бери 30 жаштагы жаран изделүүдө

Жалал-Абад облусунда 2020-жылдын август айынан бери 30 жаштагы жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Изделип жаткан Шерзод Ражавалиев 1990-жылы туулган. Ал психикалык жактан жабыркайт. 2020-жылдын 11-август күнү саат 17:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү ак-сары жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, психиатриалык кабинетте каттоодо турат.

Кийген кийимдери: Жылаң баш, ичинде ак түстөгү жемпир, үстүндө күрөң түстөгү күрмө, кара түстөгү классикалык шым, бутунда кара түстөгү көлөч.

Жакындары жана милиция дайынсыз болуп жаткан Ражавалиев Шерзод Насиржанович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюуңуздарды суранат: 102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, (0777) 79-23-63, (0773) 00-08-02.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан