Ош облусунун Кара-Суу районунда эки мектеп окуучусу бычактан жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жабырлануучулардын экөө тең Ош шаардык клиникалык ооруканасында жатат.
"Ооруканага жаткырылган 16 жаштагы мектеп окуучулары Ош шаарынын Панфилов атындагы мектепте окушат.
Ал эми бычактоого чейин жеткен мушташ Кара-Суу районунун аймагында болгон.
Топтолгон материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди, ал тергөө иштерин Ош ШИИБи же Ош ОИИБи жүргүзөрүн чечип берет. Учурда мушташтын себеби такталууда", - деп билдиришти.
Эске салсак, буга чейин 11-февралда Ош шаарында 10-класстын эки окуучусу бычакталып ооруканага түшүп, анын бири алган
жаракатынан улам каза болгон.