"Тартуу иштери бүткөнчө көгүчкөндөрдү атайын учуруп, кайра жем чачып турдук". Нияз Абдыразаковдун Түркияда тартылган клибинин баяны

SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул ирет ырчы Нияз Абдыразаковдун Түркия мамлекетинде тартылган "Aisyah Istri Rasulullah (Айша)" клиби тууралуу сөз кылабыз.

Ырчы чет өлкөдө клип тартуу кызыктуу, бирок кыйыныраак дейт.

"Башка өлкөдө клип тартууда тыюулар көп болот. Мындай учурда жолун таап, уруксат алса болот. Бул клибимди тартуу иши бир айга созулду. Эс алуу менен бирге клип тарта келейин деп, эки ырга видеолорду тартып келдик. Экинчиси монтаждалып жатат.

Клипти тартуу учурундагы кызыктардын бири мечиттин жанындагы сюжет болду десем болот. Анткени мечитке келгендер өтө көп болгондуктан, тартуу иштерине тоскоолдук жаралды. Мындан улам мечиттин айланасындагы жарандарды ары-бери өткөрбөй, кармап турдук. Ошондой эле көгүчкөндөргө атайын жем сатып алып, мен баскан жерге чачып, кайра-кайра учуруп жаттык",- дейт ал.

Нияз Абдыразаковдун "Aisyah Istri Rasulullah (Айша)" клибин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан