Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп качып кетти (видео)

Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп качып кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февралда болжол менен саат 9:56 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Туңгуч районунда Анкара 1/8 дарегинде жол кырсыгы катталды деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 2001-жылы туулган М.Э. аттуу жөө адамды белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Жөө адам жабыркап "Тез жардам" кызматына кайрылган. Сүзүп кеткен унааны табуу боюнча өздүк курамга багыттама берилди", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан