Жалал-Абад облусунда баңгизатты мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баңгизатка каршы күрөшүү максатында "Транзит" аталышындагы иш-чара өткөрүлгөн.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Көл шаарында баңгизатты мыйзамсыз саткан деген шек менен 1994-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда аталган жарандын үйүнөн өзгөчө жыты бар 48 даана таңгак заттар табылган. Ал 465 граммды түзгөн гашиш экендиги аныкталган.
"Мындан сырткары, 18-февраль күнү аталган аймакта 1987-жылы туулган О.Б. аттуу жарандын жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, сарайынан жалпы салмагы 83 граммды түзгөн гашиш жана марихуана баңгизаты табылган. Ошондой эле, 20дай ок-дарылар да табылган.
Кийин 19-февралда ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө кызматтык атайын издөөчү иттердин жардамы менен салмагы 6 килограмм 223 граммды түзгөн марихуана табылган. Аталган тинтүү баңгизат сатуучу, Токтогул шаарынын тургуну учурда Ош шаарында жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жаран С.Р.нын жашаган жеринде жүргүзүлгөн. Табылган баңгизаттардын жалпы саны 6 килограмм 771 граммды түзөт",- деп жазылат маалыматта.