Баткен облусунун Айдаркен шаарчасында уурулукка шектелгендердин бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта февраль айларында сыртта токтоп турган Хундай-Портер үлүсүндөгү унаалардын аккумуляторлорун белгисиз адамдар түн ичинде уурдап кетишкендигин билдирип, жалпысынан 6 арыз келип түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 90-берене "орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо" боюнча катталып, текшерүү иштери башталган.
"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ажы” борбордук базарында уурдалган аккумуляторлорду сатып жаткан жеринен Айдаркен шаарынын 16 жаштагы М.А. жана 17 жаштагы О.С. аттуу тургундары аныкталып кармалышкан. Азыркы күндө тергөө иштери жүргүзүлүп, уурдалган аккумуляторлор өз ээлерине кайтарылып берилди", - деп жазылат маалыматта.