Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда катуу шамал катталып, турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Маалымат ӨКМнын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 25-февралда саат 15:00 чамасында секундасына 22 метрге чейин жеткен шамал Чолпон-Ата шаарында катталды. Шамалдын кесепетинен Советская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатыры учту. Жерине 3 куткаруучу тартылып, шамалдын кесепеттери жоюлду. Жеринде абалды тактоо максатында райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.
Учурда Балыкчы шаарында секундасына 24 метрге чейин жеткен шамал катталууда. Кошумча маалымат берилерин мекемеден билдиришти.