Ырчы жана аткаруучу Аскат Мусабеков менен жубайы Миргүл Асаналиева 25-февралда заманбап үлпөт тоюн өткөрүштү. Той борбордогу ресторандардын биринде өтүп, ага түгөйлөрдүн жакындары, туугандары, жоро-жолдоштору жана кесиптештери күбө болушту.
Эки жашты жар-жар ыры менен Неля алып кирди. Ал эми тойду баштан-аяк Эркин Рыскулбеков алып барды.
Түгөйлөр 2020-жылы 25-июнда баш кошкон.