Буга чейин Бишкекте түнкү клубда иштеген ди-джей атылганы маалымдалган.
Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берди.
"2021-жылдын 25-февралында саат 00:40 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына белгисиз адам эс-учун жоготкон абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде жаткандыгы тууралуу чалуу түшкөн.
Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишкен, ал жерге келип, текшерүү жүргүзгөндө көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.
Өлүктү кароодо соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун көкүрөгүнө мылтыктын огу тийип, ал жүрөккө жетип токтогону аныкталган. Милиция кызматкерлери маркумдун С.Д. аттуу 1983-жылы туулган жаран экенин аныкташты.
Бул факт Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деди маалымат катчы.
Учурда адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.