Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары Талгат Өскөналиев рулга мас абалында отурган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
"21-февралда рейддик-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда саат 00:05 чамасында Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде, мамлекеттик номери MVD218B болгон Лада-Приора үлгүсүндөгү кызматтык унааны ИИМдин улук тергөөчүсү башкарып баратканда Бишкек шаардык патрулдук милициясы тарабынан токтотулган, анда мас абалында унаа айдаган Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери милициянын майору Т.М. болуп чыккан (медициналык кароонун протоколу бар). Анын жанында жүргүнчүлөр отурган орунда Ленин РИИБинин башчысынын орун басары О.Т. отурган", - деп билдиришти министрликтен.
Ошондой эле мыйзам бузуу жөнүндө протокол түзүлгөндүгүн мекеме белгиледи. Кызматтык унаа айып төлөөчү жайга токтотулган. Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги иликтөө жүргүзүп жатат.
"Мушташ боюнча окуя болгон жок. Ошондой эле Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматтык унаа айдап жүргөндүгү чындыкка дал келбейт", - кошумчалады министрликтин басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, буга чейин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары Талгат Өскөналиев мас абалында мушташкандыгы тууралуу маалымат тараган.