Закирбек Дүйшөнбек уулу: "Жубайым экөөбүздүн жылдызыбыз келишпей калды, бирок мамилебиз абдан жакшы"

Кыргыздын комузун дүйнөгө даңазалап, керемет күүлөрү менен калың журттун алкоосуна татыган белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу SUPER.KG порталына жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу ачык маек куруп берди.

"Тилекке каршы, учурда бойдокмун. Үч балам бар. Улуусу Сумая, өтө таланттуу, андан кийинкиси Сулайман деген жети жашар уулум бар. Учурда биздин мектепте комуз үйрөнүп жатат. Буюрса, чоң комузчу чыгат деген үмүттөбүз. Анан эң кенжеси Салават деген балам бар, ал төрт жашка чыкты. Алардын апасы дагы жакшы адам, ыймандуу. Болгону кыргызда "жылдызы келишпей калыптыр" деп айтып коёт го. Тагдыр ушундай болду, тилекке каршы. Биздин мындай ыр-чырыбыз деле жок. Мамилебиз абдан жакшы. Жубайым экөөбүздүн эки башка жашаганыбыз эле болбосо балдарым менен күндө эле көрүшүп турабыз. Мен балдарыма атасыз чоңойду дегенди сездирбегенге ушунчалык аракет кылам", - дейт Закирбек Дүйшөнбек уулу.

“Балдарыма атасыз чоңойду дегенди сездиргим келбейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rysik79
2021-02-26 17:35:20
Мамилебиз жакшы деп өзүңдү алдабай балдарыңа тарбия бер жарашып. Комузуңдан да үй-бүлөөнү бирге кой Заке.
+5
Mister-XXX
2021-02-26 17:42:46
Билбейм,жубайын сенден мыкты адамды таба алаар бекен!?
+1
kkkk3259780
2021-02-27 07:30:10
Башты айлантпай кысып жаша да...
+2
Kurbanalieva1991
2021-02-27 11:10:00
Үч балалуу болгондо кантип жылдызы келишпей калат? Тооба кылдым. ..
+2
Kg.ka84
2021-02-27 14:25:56
Жашоо бирде өйдө,бирде төмөн болот,турмушту чыдаганга чыгарган,үчтү туудурганча келишкен жылдызың эми келишпей калдыбы? Ортодо балдарды кыйнабай аялың экөөң тең кысчу жерлериңерди кысып жашоону андан ары улантсаңар болмок. Кимдин жашоосу жомоктогудай экен.
+2
Marni
2021-02-28 04:58:33
Аскат Сулаймановдон үлгү алган го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан