Садыр Жапаров: "Жубайым орус тилинде эркин сүйлөйт, бирок үйдө салттуу түрдө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз"

"Жубайым биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде - кыргыз тилинде сүйлөшөбүз". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Орусияга болгон биринчи чет өлкөлүк иш сапарынын алкагында «Российская газетага» интервью берип жаткан учурунда айтты.

Өлкө башчысына журналист президенттин жубайы Айгүл Жапарова орус тилин билер-билбестиги тууралуу жана үйдө кайсы тилде сүйлөшүшө турганы боюнча төмөнкүдөй суроо узаткан.

— Орусия сиздин улуттун кызыкчылыгын көздөгөн лидер катары кадыр-баркка ээ болгонуңузга карабастан премьердин милдетин аткарууга бир убакта орус талапкерди дайындаганыңызга, өлкөгө Москвадан орус тили мугалимдерин жиберүүсүн суранып, орус тилинин расмий тил статусун сактап калууну жактап жатканыңызга көңүл бурду. Сиздин жубайыңыз орус тилин билеби жана үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?

— Баарынан мурда мен төмөндөгүлөргө токтоло кетейин. Сиздер билгендей, Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында жана мыйзамдарында орус тилинин статусун расмий бекиткен мурдагы Советтер Союзунун курамындагы бир нече өлкөлөрдүн бири. Орус тили Кыргыз өлкөсүнүн жашоо-турмушунун бардык тармактарында, медиа чөйрөсүндө, билим берүү системасында, саламаттыкты сактоодо жана өлкөнүн маданий турмушунда колдонулат.

Кыргыз үчүн орус тили, биринчи кезекте, орус маданиятынын казынасына, Орусиянын илимий-техникалык жетишкендиктерине жетүүнүн ачкычы, ошондой эле улуттар аралык баарлашуу жана биздин өлкөлөр менен элибиздин маданияты, тарыхы, каада-салттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы орус тилин үйрөнүүгө багытталган маданий-гуманитардык кызматташуунун алкагында мектеп мугалимдери жана ЖОЖдордун окутуучулары үчүн маалымат технологияларын колдонуп стажировкаларды уюштуруу, Кыргыз Республикасында эл аралык агартуучулук экспедицияларын өткөрүү жолу менен, орус маданияты, адабияты жана Орусиянын билим берүүсү менен таанышуу жана Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн орус классикалык адабиятынын окурмандарынын эл аралык сынактарына катышуу боюнча долбоорлор бар. Ош шаарында М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу маселеси жана башка иш-чаралар каралууда.

Мындан тышкары, Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосунда Орусиянын педагогикалык кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн Кыргыз өлкөсүнүн жалпы билим берүү уюмдарында ишке ашыруу боюнча гуманитардык долбоор ишке ашырылууда. 2020-2021-окуу жылына карата ушул гуманитардык долбоордун алкагында Орусиядан келген 30 мугалим Ош шаарынын билим берүү уюмдарында иштеп жатышат.

Учурда жооптуу мекемелер тарабынан Орусиядан өлкөнүн аймактарына жибериле турган педагогдордун санын көбөйтүү маселеси каралууда.

Жогоруда айтылгандардын бардыгы биздин мамлекетте орус тилин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулгандыгын тастыктайт.

Ушул өңүттөн алганда биздин мамлекетте туруктуу жашаган орус тилдүү калктын руханий жана социалдык муктаждыктарын толук канааттандырышы үчүн орус тилинин статусун сактап калуу багытын уланта берет деп ишендиргим келет.

Эгерде менин жубайым жөнүндө айта турган болсок, ал биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан