Закирбек Дүйшөнбек уулу: "Кремль сарайында Атай Огонбаевдин күүлөрүн черткенде өзгөчө сезимдер болду"

Белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу кыргыз комузун дүйнөгө даңазалап жүргөн өнөрпоздордун сап башында келе жатат. Ал өткөн жылы Орусиянын Москва шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Орусиянын эриш-аркак жылынын ачылыш аземинде балалайкачы Александр Николайчук менен улуттук аспапта жарышып, элдин алкоосуна татыган. Комузчу SUPER.KG порталына маек берип жатып, дал ошон учурдагы сезимдери менен бөлүштү.

"Өткөн жылы Москванын Кремль сарайында Атай атабыздын "Ак тамак-көк тамак", "Машботой" күүсүн жаңырттык, абдан өзгөчө сезимдер болду. Мурда ал жерде Атай атабыз, Мыскал Өмүрканова, Самара Токтакунова апаларыбыз комуздун үнүн жаңыртып келишкен да. Абдан жакшы таасир калтырды. Былтыр ушундай толкундоолор көп болду. Өзүм да жакшылыкка жооруп коюп жүрдүм. Атай атабыздай болбосок дагы ошол кишинин кандайдыр бир илептерине жетишкендей бололу деп жүрдүк", - дейт Закирбек Дүйшөнбек уулу.

“Балдарыма атасыз чоңойду дегенди сездиргим келбейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан