Ошто интернет аркылуу террордук уюмдардын маалыматтарын жарыялап, жайылтып жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бир нече ай ичинде алынган оперативдүү маалыматтардын негизинде Ош облусунун Ноокат районунун 1996-жылы туулган тургуну Б.М. аттуу жаранды (каймана аты Абдуллох) жана Кара-Суу районунун 2004-жылы туулган тургуну И.Ф.ны (каймана аты Умар аль Форук) кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Шектүүлөр интернет тармагы аркылуу диний-экстремисттик жана террордук уюмдарга көмөктөшүп, Кыргыз өлкөсүнө гана эмес, аймактагы мамлекеттердин дагы коопсуздугуна коркунуч келтирген үгүт материалдарды жайылтып турушкан. Алар WhatsApp, YouTube, Telegramm, Facebook социалдык баракчаларын пайдаланышкан.
"2004-жылы туулган И.Ф. өзүнүн 300гө жакын мыйзамсыз чакырыктарын интернетке жарыялаган. Ал эми 1996-жылы туулган Б.М. өзү жасаган миңге жакын чакырыктар жана видео-аудио кайрылуулары интернетке каймана аты аркылуу жарыяланып турган. Өзүнүн мыйзамсыз ишин интернет аркылуу жарыялоо үчүн ар кимдин аты менен 56 баракча ачып, таратып турган.
Учурда бул баракчалардын баары жабылды. Аларга таандык компьютердик техника алынды. Кармалгандар интернет аркылуу чет өлкөдө террордук уюмдардын катарында жүргөн таанымал адамдар менен дагы байланышып турушкан. Кармалгандар учурда абакта, алардын кылмыштуу байланыштарын, финансылык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо боюнча ар тараптуу иликтөө иштери уланууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.