Киев: "Сөз жок". Эрназар Акматалиев акыркы секундда Дүйнө чемпионун жеңди

Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнири башталды.

Мелдешке 65 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев экинчи баскычында жергиликтүү балбан, жаштар арасында Дүйнө чемпиону болгон Эрик Арушанян менен кез келди. Украиналык балбан беттеш бүтөрүнө 8 секунд калганда 8:7 менен астыда келе жатканда, кыргыз балбаны ыкма жасап, керектүү 4 упайды алды.

Жыйынтыгында 11:8 эсебинде Эрназар Акматалиев жеңишке жетти. Эрназар, азаматсың!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан