Бишкекте милиция кызматкери “Бишкек суу каналдын” имаратына уурулукка кирүүгө аракет кылган төрт адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин күзөт кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февраль күнү ИИМдин күзөт кызматынын кызматкери Нурсейит Бекназар уулу күндөгүдөй эле кызматтык милдетин аткарып, кечки текшерүү иштерин жүргүзүп жаткан. Болжол менен саат 19:00 чамаларында белгисиз 2 адам дубалдын жанында дагы экөө имараттын ичине кирип фонарик менен бир нерсе карап жатканын байкап калган. Дароо ышкырык менен ышкырып, “токто” деген буйрук берген.
Буйрукка баш ийбей экөө качып жөнөшкөн. Кызматкер аларды кууп баратып, бир нече жолу “токто, атам” деп эскертүү бергенде дагы буйрукка баш ийишкен эмес. Натыйжада кызматкер 2 жолу эскертүү огун аткан. Андан соң бир жаранды тосмонун ичинен кармап, калган үчөө ок атылган соң буйрукка баш ийип токтоп калышкан. Кызматкер милициянын нөөмөт бөлүмүнө чалып, окуя тууралуу кабар берген. Жерине ыкчам топ келип, андан аркы жумуштарды жасашкан.