Бишкекте 20 жаштагы баланы учура сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү баланы сүзүп качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-февралда интернетте белгисиз унаа белгисиз жаранды сүзүп андан ары кетип калганы тууралуу видео тараган. Видеодогу окуя ошол эле күнү болжол менен саат 09:56 чамасында Анкара көчөсүнүн 1/8 дарегинде болгон. Анда айдоочу 2001-жылы туулган М.Э. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Аны 1969-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу башкарып жүргөн. Айдоочу Бишкек ШИИББинин жол кырсыктарын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми унаа айып короосуна киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
JaneEr
2021-02-27 15:38:38
Аксакал болбой жерге кир
+1
KaGaH
2021-02-28 01:21:09
Сакалың өрттөнгүр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан