Кара-Сууда таңга маал үйгө кирип барып, аялды бычактап үйдөн сейфти уурдай качкандар кармалды. Аял ооруканадан каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда таңга маал үйгө кирип, уктап жаткан аялды бычактап, үйдөн сейф уурдап чыккан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-февраль күнү таңкы саат 07:13тө Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө саат 06:40 чамасында Кара-Суу шаарынын жашоочусу 55 жаштагы Т. У. аттуу аял киши миздүү нерседен денесинен жаракат алып ооруканага келип түшкөнү кабарланган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 27-февраль күнү саат 05:00 чамасында белгисиз эки жаран беттерин жаап, Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйгө мыйзамсыз киришкен. Үйдө уктап жаткан аялды өздөрү менен бирге ала барган жыгач таяк менен башка чаап, андан кийин бычак сайып, бөлмөдө турган темир сейфти көтөрүп чыгышып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен. Ал эми жаракат алган аял Кара-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө үч саат жатып, кийин каза болуп калган.

Бул факты көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүштөгү жазык ишке катталып, тергөө амалдары башталган. Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелип, Кара-Суу шаарынын 20 жаштагы А.А. жана К.А. аттуу жарандар кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иш боюнча шектүүлөрдүн биринин үйүнөн темир сейф ачылбаган абалда, 1 бычак, 1 жыгач таяк жана бет каптар табылган. Ал эми каза болгон аялга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jelezo
2021-02-27 15:09:35
Көчүктөрүнө өздөрүнүн таягын тыгып салса жакшы болот эле.
+7
Zumrudianka
2021-02-27 15:25:04
Олгон аялдын улуту ким болду экен?
+2
Jibakana
2021-02-27 16:12:10
Zumrudianka, какая разница?
+6
bond
2021-02-27 16:13:51
Zumrudianka, өзбек улутундагы аял болсо керек ал тарапта жалаң өзбек улутундагылар көп.
0
Gsuita
2021-02-27 15:38:24
Акмактар, Аллах жазасын берсин. Биз да үйдө уктап жатканда сейфибизди уурдап кетишкен. Таппаганбыз, бирок баарыбыз аман калганыбызга сүйүнгөнбүз.
+1
Erlan_95
2021-02-27 23:49:24
Gsuita, Ооба, аман калганынар жакшы болуптур айтор
0
Asmat84
2021-02-27 15:39:13
Ушуларга катуураак жаза колдонуш керек болуп атат бирөөнүн элинде бирөөнүн жеринде жүрүп ушундай кылмыштарды жасап жүргөн айбандарды жок кылыш керек сасыган иттер
+10
Nurik1988
2021-02-27 23:16:57
Asmat84,Отто эле сассыктар буллар
+1
Gulina90
2021-02-27 16:33:00
Жапжаш балдар экен,пешене тери м-н таап алса болмок акчаны,жаш өмүрүң камакта өткөрбөй.
+10
Belek1710
2021-02-27 16:43:58
Айбандар, ала турганыңы алдың кете бер жөн эле өлтүрбөй!!!
+1
SHahabidin-jabborov
2021-02-27 16:48:54
Адам суротундагы айбандар!
+1
bekuluik
2021-02-27 16:50:40
SHahabidin-jabborov, айбандарга шек келтирбе.
0
kuba.kq8705
2021-02-27 20:36:35
Ит аткандай атыш керек буга окшогондорду дагы канча адамдарды олтурушун кутуп олтурбай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан