УКМК күйүүчү майды мыйзамсыз экспорттоо боюнча каналга бөгөт койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Бүгүн, 27-февралда УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күйүүчү майды Кыргыз өлкөсүнөн коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз экспорттоп жүргөн каналга бөгөт койду.
Жалпы салмагы 10 тоннага жакын күйүүчү май тиешелүү документтери жок Лейлек районунун Ак-Арык айылы аркылуу коңшу республикага барган.
УКМК мыйзамсыз иш-аракеттерди документтештирүүгө жана бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды улантууда.