Украина: "10:0". Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.

Турнирге күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков экинчи айлампада грузиялык балбан менен кез келип, аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, турнирдин чейрек финалына чыкты.

Ал эми эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмакта катышкан Нарбек Изабеков жарым чейрек финалда жергиликтүү балбанга 8:7 эсебинде утулуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Fara-85
2021-02-27 22:46:01
Красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан