Ош облусунун Өзгөн районунда жеңил унаа менен оор жүк ташыган унаа сүзүшүп, 19 жана 20 жаштагы балдар каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-февраль күнү саат 19:45 чамасында 57 жаштагы айдоочу Вольво FH-12 унаасын Бишкекти көздөй башкарып бара жаткан. Өзгөн районунун Мырза-Арык жана Куршаб айылынын ортосуна жеткенде Ошко карай бара жаткан ВАЗ 21-07 унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгы орун алган.
Жигули унаасын 20 жаштагы бала башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаада жүргүнчү катары бара жатышкан 19 жаштагы жана 1999-жылы туулган жүргүнчүлөр Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген.
Ооруканада Жигулинин айдоочусу менен 19 жаштагы бала алган жаракаттарынын негизинде каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.