Буга чейин “Кечирип кой” ырын аткарып интернет жылдызына айланган Байзак Кубанычбек уулуна ырчы Кенже Көбөкова комуздан сабак берүүдө. Байзакка комузда кол ойнотконду үйрөтүп жатканына 4-5 күн болгонун айткан ырчы буларга токтолду.
"Байзак комуз черткенди жакшылап үйрөнгөнчө менин колумда 1 ай болот. Кийин дагы өзүм колума алып, сабак берейин деп жатам. Өткөөл куракта ырдатпайбыз, ал учурда үнү өзгөрүп калат. Өткөөл курактан өткөндөн кийин музыкалык окуу жайга тапшыртабыз", - деди ал.
Элдин алкоосуна арзып, сүймөнчүк болуп жаткан 13 жаштагы Байзак Кубанычбек уулу SUPER.KG порталына апасы менен маек курган.
Андан кийин ырчы Кенже Көбөкова жаш жылдыз менен жолугуп, ага өзүнүн белегин тартуу кылган.