Ат-Башыда жардамга муктаж жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлдү

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жардамга муктаж жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы РИИБинин көчмө кабылдамасы менен бирдиктүү алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, профилактикалык каттоодо турган жарандарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Ошондой эле көчмө кабылдама аркылуу айыл тургундары менен жолугушуулар болуп, ар кандай маселедеги сунуш-пикирлер кабыл алынды. Мындан тышкары жардамга муктаж жалгыз бой энеге өздүк курамдын атынан азык-түлүк жана балдарына окуу куралдарын алып берип жардам көрсөтүштү. Ушул жылдын 2 айында Ат-Башы РИИБинин көчмө кабылдамасы жалпы 24 жолу жолугушуу өткөрүп, 39 кайрылуу кабыл алды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан