ИИМ, Тоӊ РИИБинин жана Кемин РИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери өз ара жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Чүй облусунун Кара-Ой айылынын 28 жаштагы тургуну мурда каракчылык менен соттолуп келген К.А. жана Талас облусунун Кызыл-Сай айылынын 25 жаштагы тургуну Т.М. мал уурулук менен алектенген кылмыштуу тобун колго түшүрдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Тоӊ РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кармалган кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ушул жылдын январь айынан февраль айына чейинки аралыкта райондун аймагында 9 мал уурулук жасашкан. Алар 9 баш ири мүйүздүү мал жана 2 кой уурдашкан.
Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү малдарды базарларда сатып жүрүшкөн.
Тоӊ районунан уурдалып, Чүй облусунун аймагында табылган малдар далил зат катары алынып, тйиштүү процессуалдык тергөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин ээлерине кайтарылып берилди.
Чүй райондук сотунун чечими менен мал уурулукка шектелип кармалган жарандар 2 айга камакка алынды. Учурда Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында башка мал уурулуктарга катыштыгы бар же жоктугун аныктоо максатында ыкчам тергөө иштери уланууда.