Бишкек шаарында жеңил унаанын айдоочусу кичинекей баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 1-мартта болжол менен саат 07:30 чамасында болгон.
"Исанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Бала "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда унаа убактылуу айып короо жайына киргизилип, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.
Толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалашты.