Бүгүн, 1-мартта эстрада ырчысы Аваз Акимов 31 жашка толду. Ырчы туулган күнү 1-мартка караган түнү эле досторунун куттуктоосу менен башталганын айтат.
"Жашың өткөн сайын шаан-шөкөттү каалабай калат экенсиң. Туулган күндү өткөрбөйм, бүгүнкүгө шеринебиз бар. Эң негизгиси ата-энемди куттуктадык. Жубайым ар бир майрам сайын белек берет, акыркы жолу 23-февралда эле белек алгам, аны кайра-кайра акча коротуп, убара боло бербе дедим. Туулган күнүмдө өзүмө-өзүм белек жасадым, тагыраагы, унаабызды алмаштырайын деп жүргөм, башка унаа алдым", - дейт ырчы.
Кичине кезинен чыгармачылыкка аралашып жүргөн Аваз Акимовдун бала чагынан тартып азыркы күнгө чейинки сүрөттөрүн сунуштайбыз.
Ырчы Аваз Акимов 1990-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. 11 жашынан тарта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин колунда тарбияланып, чыгармачылыкка кадам таштаган.
Аваз Акимов Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Алгач "Айганыш" деген ыры, кийинчерээк "Жаным", "Ай-ай-ай", "Гүл кыздар", "Түштүк кызы" жана башка ырлары менен белгилүү болгон. Көптөгөн ырлардын автору.
Аваз Акимов ырчы Айдана Дека менен көп жыл бою кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 2019-жылы 14-февралда колун сураган. Түгөйлөр март айында баш кошушуп, Ош жана Бишкек шаарларында үлпөт той өткөрүшкөн. Кош жылдыздар 2020-жылы январь айында Ариана аттуу кыздуу болушкан.
1-марттын жылнаамасы.