Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2 жаранга Москвага жасалма авиабилет саткан аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2 билетти 86 миӊ сомго сатып жиберген. Анда билет алгандар 12 февралда учуп кетишмек. Сатып алган жабырлануучулар билетте көрсөтүлгөн убакта аэропортко барышып, алданып калганын билишкен.
"Шектүү 1998-жылы туулган Н.Н. аттуу аял, үй-бүлөсү, 2 баласы бар. Ал мындай ишке карыздарынын көбөйүп кеткендигине байланыштуу баргандыгын айткан. Учурда алдамчылык беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Шектүүнүн колунда 2 кичинекей баласы бар экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.