Токтогулда жасалма документ менен унаа башкарган айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жасалма документ менен унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-февралда Токтогул району аркылуу өткөн Бишкек - Ош унаа жолунун 281- чакырымында инспектор тарабынан 1989-жылы туулган А.Б.нын башкаруусунда Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын жол эрежелерин бузгандыгы үчүн токтоткон.

"Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда аталган унаанын транспорт каражаттарын каттоо боюнча күбөлүгү жасалма экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаарынын тургуну болгон. Аталган факты боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, тиешелүү чараларды көрүү үчүн унаа атайын айып короого токтотулуп, ал эми айдоочу тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан