Жалал-Абад облусунда бир апта ичинде мас абалында унаа башкарган 36 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында 20-февралдан 27-февралга чейин жалпы 1 миң 468 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
"Анын ичинен 57 айдоочу мас абалында, 483 айдоочу катуу ылдамдыкта, 14 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн токтотулган. Ал эми башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 912 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 201 унаа атайын айып короого токтотулду", - деп айтылат маалыматта.