Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 37 жаштагы жумушчусун унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-февраль күнү болжол менен саат 06:30 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Каралаев көчөсүнөн түштүк тарапка бара жаткан жолдо 1983-жылы туулган К.М. аттуу аялды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жаран денесинен жаракат алып, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-берене ("жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспортту эксплуатациялоо эрежелерин бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Аталган жарандын жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган, учурда жыйынтыгы чыга элек. Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерден из жашырган айдоочуну аныктоо жана кармоо боюнча издөө иш-чаралары улантылып жаткандыгын билдиришти.