Ошто ишкерди коркутуп, 28 миң доллар акча талап кылган шектүүлөр кармалды

Ош шаарында өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырып, ишкерди коркутуп акча талап кылган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

27-февраль күнү УКМК Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында, миң доллар пара алып жаткан жеринен КМШ өлкөлөрүнүн жараны 1970-жылы туулган А.А. жана 1986-жылы туулган Кыргыз жараны Б.М.ны кармады.

Кармалгандар өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тааныштырып, жеке ишкерден 28 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан. Алар коркутуу жолу менен ишкердин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аларга каттоону талап кылышкан.

Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mustafo
2021-03-01 17:51:12
Бирөөнүн бешене терине көз арткандарга ӨЛҮМ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан