Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүк иши башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Абжалиев экс-президент менен болгон туугандык байланыштарын колдонуу менен мамлекеттик органдардын иштерине кийлигишип, жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыгын коргогон.
"Мындан сырткары ал мамлекеттик кызматта иштеп туруп, өзүнүн расмий кирешесине дал келбеген суммага бир нече кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Тактап айтканда, ага тиешелүү болгон Бишкек шаарындагы ВИП шаарчаларда 20дан ашык элиталык батирлер, Ысык-Көл облусунда пансионат, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жер тилкелери, Бириккен Араб Эмирлигинде, Түркияда кыймылсыз мүлктөрү бар экендиги аныкталды.
Муну менен кошо Абжалиев тарабынан көп кабаттуу үйдүн жана башка коммерциялык объектилердин курулушу үчүн инвестиция салынганы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.
Депутат Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.