Биз социалдык тармакта

Чүйдө 14 жашар баласын бычактап өлтүрдү деп шектелип энеси кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда 14 жашар баласынын өлүмүнө шектелип энеси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү саат 20:25 чамасында Жайыл РИИБинин "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринен 14 жаштагы баланын жансыз денеси, киши колдуу болуп табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Жайыл РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөтүлүп 14 жаштагы баланын моюнуна бычак сайылып, ал ошол жерден көз жумганы белгилүү болгон.

"Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары баланын энесин кармашкан. Ал 36 жаштагы Т.В. аттуу аял. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Сотко чейинки тергөө иштери уланууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bolotbek9191
2021-03-02 18:31:23
Кандай эне баласын олтурот
+3
Gulina90
2021-03-02 22:41:13
Кудай сактасын,ыйман,сабыр бер Аллахым,эне м-н бала урмат сыйда жашайлы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан