Белгилүү сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов кыргыздын сүрөт өнөрүнө жаңылык киргизгендердин бири. Ал залкар инсандардын сүрөтүн бирде топурак менен тартса, бирде айран менен тартып көпчүлүктү таң калтырып келет. "Чет жактан жакшы сунуштар түшөт, бирок мекенимди таштап кете албайм" деген сүрөтчү менен өнөрканасына барып маектешип келдик.
Ар бир чыгармамда өзүм бармын...
- Дээрлик көпчүлүк чыгармачыл инсандардын чыгармасында өзү сөзсүз болот. Дал ошол сыяктуу эле менин дагы тарткан сүрөттөрүмдө өзүм бармын. Мисалы, "Адашкан жолдор" аттуу картинамда ошол окуя өзүмдүн башымдан өтүп, анан тарткам. Анда кичинекей бала буудайдын арасында адашып кетип, жол таппай кыйналат. Ал сүрөтүмдү 3 жыл мурда саткам. Жүрөктөн чыккан жасалмасы жок сүрөт болгон үчүн да башкаларга таасир этсе керек деп ойлойм. Ар бир чыгармамда өзүм бармын десем да болот.
Байып кеткен деле сүрөтчү көрө элекмин
- Бизде деле сүрөтчүлүк менен жан бакса болот. Биз жашап эле келе жатпайбызбы. Бирок кыйын абдан эле. Сүрөтчүлөр бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Байып кеткен деле сүрөтчү көрө элекмин. Чет жактан абдан жакшы сунуштар түшөт. Кээде турмуштан кыйналганда ошол жактарга кетип калгың келет. Бирок кантсе да өз мекениңе эч нерсе жетпейт да. "Өзгө элде султан болгончо өз элиңде ултан бол" деп эле жүрөбүз. Мен жаратылышты өзгөчө сүйөм, ошол үчүн дагы кете албасам керек.
Кээ бир адамдардын сүрөтүн тартуу кыйын
- Эң оор жанр портрет деп айтылат. Мүнөзүнөнбү же кыялынанбы, айтор кээ бир адамдар окшошпой кыйнайт. Айрымдарды бир тартканда эле сүрөтү сонун чыгат. Негизи адамды жаныңа отургузуп алып тарткан эң сонун, себеби аны менен сүйлөшкөнчө жан дүйнөсүн дагы билип, сүрөткө ошону кошо бергенге аракет кыласың.
Өзүмдүн билгенимди башкалар менен бөлүшкүм келет
- Келечекте өзүмдүн билген нерселеримди сүрөткө кызыккандар менен бөлүшүп, үйрөтсөм деген пландар бар буюрса. Аны дагы акырындан ишке ашырайын деп жатам. Кайрылгандар абдан көп. Буга чейин үйрөтүп баштап, анан кайра убактылуу токтотуп койдук. Себеби аны ачкан соң бир жерде бир күн кечке отуруу керек экен. Буюрса, алдыда жакшы пландар бар.