Буга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова көп сериялуу "Кодирхон" өзбек тасмасына тартылып жатканы кабарланган. Учурда ырчы Ташкент шаарында тартуучу топ менен бирге иш алып барууда. Тагыраагы, ырчы үн жаздыруу иштери менен алектенип жатат.
"Сериалды тартуу иштери дагы деле улантылууда. Башында 120 сериядан турары айтылган, бирок суроо-талап жогору болгондуктан 200 серияга чейин жеткирүү пландалып жатыптыр. Мен катышкан сериалдар 2-3 күндөн кийин экранга чыга баштайт.
Алдыда Өзбекстанда дагы тартуу иштерине катышам. Сериалга кыргызча саундтрек жазылууда, даяр болгондо мен аткарам", - дейт ал.
Тасмага тартылуу сунушун режиссёр өзү жасаган. Самара Каримова тартылып жаткан сериал ат таптаган инсандын жашоосун баяндайт.