Бекжан Темирхан: "Эзилгем ошон үчүн "Эзилип бүттүм" деген ыр жаралган"

Алгач социалдык тармактарда популярдуу болуп, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алган "Эзилип бүттүм" ырынын автору Бекжан Темирхан SUPER.KG порталына хитке айланган ыры кандайча жаралып калгандыгы тууралуу маек курду.

"Ырдын сөзү өзүмө таандык. Жакшы көргөн адамыма арнап жазылган. Эзилгем, ошон үчүн "Эзилип бүттүм" деген ыр жаралган. Ырдын үч сабын Топчубек акын оңдоп берген. YouTube каналга сөзү Топчубек акын деп кетип калган. Негизи сөздүн автору катары экөөбүздүн атыбыз жазылмак.

Карантин болуп калып айылда жүрдүм. Ал жактан продюсерге чалып "иштешели, мен ишеничиңерди актайм" дедим. Ал макул болду. Келип "Эзилип бүттүм" ырын угузсам жактырган жок. Ага "Ата-энем" деген ырым жакчу, ошону чыгаралы деди. Бирок мен көгөрүп ушул ырды чыгаралы деп туруп алгам. Бул ырым негизи көп адамдарга жакчу. Бирок чыгарбай келгем. Андан кийин Ильяз байкеге (ред.: Абдразаков) барып аранжировка жаздырып жатканбыз. Ошол маалда дос балам туулган күнүнө чакырып калды. Мен шишкебек жасап жатып ырдаган видео чыгып кетпедиби, аны дос балам социалдык тармактагы баракчасына жүктөп ошентип тарап кеткен. Андан кийин эле Москвадагы балага бул ыр өзүнүн айтуусу боюнча аябай жаккан экен. Биринчи сейил бакта ырдаган. Ал жакта ырдаганы болбой үч күндөн кийин Москва ситиде ырдап видео көпчүлүккө тараган. Мен ал убакта аранжировканы жаздырып бүтүп, үн жаздырам деп жүргөм. Бирок менде кызгануу сезимдери болгон жок. Макул, ырдай берсин дедим. Себеби элдин ырдап жатканы бизге сыймык. Сенин чыгармаңды бирөө ырдап жатса жакшы го.

Бекболот жөнүндө айтсам сонун бала. Өзү кичинекей болсо дагы анча-мынча улууларга караганда акылдуу, сүйлөгөн сөзү орундуу. Айылда Бекболот менен тең иним бар. Бекболоттон кийин көбү мага ушул ырды сен ырдайсыңбы деп жазышты, Инстаграм тиркемесинде катталуучуларым көбөйдү", - дейт Бекжан Темирхан.

"Атам ырымды угуп калса ошол жерден мага чалып угузат" дейт Бекжан Темирхан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zumrudianka
2021-03-04 02:04:07
Мага да аябай жагат. Менда ошол Москва ситиде ырдаган баланы [moderated]дан коруп ыр жаккан, жуктогон куну коруп куйоомо тааныштарыма жоноттум башкача уккулуктуу ыр экен деп анан эле автору чыктын молодец ишине ийгилик дагы да ийгиликтерди жарата бер.
+4
algakaray
2021-03-04 02:09:31
Женил желпи ырлар да бат эле очот.
0
Mina24
2021-03-04 08:45:05
algakaray,анда сен чыгарда сонун эле ыр
+2
Gulina90
2021-03-04 09:08:02
Ичибиз тарып каякка барат экенбиз,сонун ыр мага аябай жагат,кызым эзилип,эзилип угуп отурат күндө.
0
Haanykeim
2021-03-04 09:13:45
Жакшы ыр чыгармачылык ийгилик.
0
Agayu
2021-03-04 10:39:50
Бир укканга болот .
0
Infiniti075
2021-03-04 12:40:25
сен кыз белен эзилгидей. Эркек бол эзилсен ата- энен учун мекен учун эзилгин кызтекеленбей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан