5-мартка караган түнү Англия Премьер-Лигасынын 29-турунун алкагында "Ливерпуль" жана "Челси" курама командалары беттешти.
Коноктордун футболчусу Мэйсон Маунт оюндун 42-мүнөтүндө эсеп санын ачып, буга беттештин аягына чейин "Ливерпуль" командасы жооп бере алган жок. Жыйынтыгында оюн 0:1 эсебинде "Челси" командасынын жеңиши менен аяктады.
Муну менен Юрген Клооптун шакирттери 5-жолу катары менен өз талаасында жеңилүү ызасын тартып, Премьер-Лиганын жадыбалында 43 упай менен 7-орунга түшүп калышты. 47 упай топтогон "Челси" 4-орунда келе жатат.