Буга чейин Бишкек шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан 59 жаштагы Талант Мырзаев аттуу жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-март күнү Сокулук РИИБине Күн-Туу айылынын көчөлөрүнүн биринен адамдын жансыз денеси табылганы боюнча билдирүү келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө эч кандай зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, буга чейин Аламүдүн РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн 1962-жылы туулган Т.М. экендиги аныкталган. Ал 21-февралда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Эске салсак, аталган жаран бир ай мурун инфаркт болуп, акыл-эсин жарым-жартылай жоготконун айтып уул-кыздары издөө салган.