"Баасы 1 миллион 700 миң сомдон ашык". Баткенде контрабандалык жүк ташып бара жаткан айдоочулар кармалды

Баткенде 1 миллион 700 миң сомдук контрабандалык жүк алынды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүк Тажикстандан алынып келе жаткан.

"Лейлек районунун Сай аймагында чек ара кызматкерлери тарабынан 31 жаштагы Кыргыз жараны башкарган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп, текшерүү жүргүзгөндө 3 тонна лимон табылган. Ал эми Чок-Талаа аймагынан ушундай эле үлгүдөгү 4 жүк ташуучу унаа текшерилип, жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөн лимон жана бадыраң табылган. Табылган товарлар Тажикстан өлкөсүнөн Кыргыз өлкөсүнө контрабандалык жол менен ташылып бара жатканы белгилүү болду. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, контрабандалык жүктөрдүн жалпы баасы 1 миллион 717 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
didu
2021-03-06 14:03:29
Бензовоздорду тутсанар майда Иш менен алаксыбай
+9
Zhazgul8
2021-03-06 18:48:46
Бул карапайым элдин бизнестери. Бензовоздор чондордуку болот
+4
Zhainash
2021-03-07 08:06:33
Ушу карапайым элди жөн эле койсоңор андан көрө чоңдордун контрабандасын кармасаңар учты жоктор
+2
Zhainash
2021-03-07 08:07:15
Уяты
0
sarbo
2021-03-07 14:05:07
негизи кээ бир контрабандалык товарларды кормоксон болуп коюшса болмок. Айрыкча кирген товарларды. Ал эми чыккан товарларды каттуураак кармаш керек. Ошондо арзанчылык болот да элибизде.
+2
Fort1985
2021-03-07 14:50:33
Кирген товарды жөн кой чыканын тоскула
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан