Ырчы Ишен Назаров экинчи ирет ата макамын алып, кырк жылкылуу болду. Кубанычы менен бөлүшкөн ырчы кызына ысым тандай электигин айтат.
"Бүгүн, 7-мартка караган түнү жубайым экинчи кызыбызды жарык дүйнөгө алып келди. Эне, баланын абалы жакшы. Кызыбызга ысым тандай элекпиз. Азыр сапардамын, Жалал-Абадга жумуштарым менен бара жатам. Балким, ошол жакта жүргөндө же келгенде ысым ыйгарабыз", - дейт ал.
Ырчы менен жубайы Наргиза айым бир кызды тарбиялап келишкен.