Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-март күнү саат 23:00 чамасында Терек-Суу айылында 1991-жылы туулган эркек адам Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен.
Кырсык болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн Токтогул райондук куткаруу кызматы, ИИМ жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:15те убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 10-март күнү улантылат.