Сузакта таякесин сабап, короого алып кирип тепкилеп, унаасы менен тебелетип өлтүргөн адам камактан бошотулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айылдардын биринде өз бир тууган таякесин уруп, короого алып кирип тепкилеп, унаасы менен атайын тебелетип өлтүргөн жаранды сот 8 жыл 2 айга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучу апелляциялык даттануу менен кайрылып, камактан бошотулду. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 2020-жылдын 26-июнунан 27-июнга караган түнү Сузак районуна караштуу айылдардын биринде болгон. Анда С.И. аттуу жаран бир тууган 1960-жылы туулган У. аттуу таякеси менен өз ара пикир келишпестиктен айтышып урушуп кетишип, ага карата зомбулук кылуу максатында анын мас абалынан пайдаланып бети, башына уруп, короого алып чыгып тепкилеп жыгылтып, атайын денесине оор жаракат келтирүү максатында унаасы менен атайылап тебелетип, оор жаракат келтиргендин негизинде ал каза болуп калган.

Айыпталуучу С.И. 1988-жылы Ноокен районунда туулган. Кыргыз жараны, билими 4-класс, үй-бүлөлүү 6 баланын атасы, эч жерде иштебейт. Учурда Сузак районунун айылдарынын биринде жашайт.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган эмес.

"Мен маркум таякемди урган эмесмин. Болгону байкабай калып, мас абалда болгон таякемди кокусунан унаам менен тебелетип алдым", - деп билдирген айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө.

Жабырлануучу тарап элдешип алгандарын айтып, тосмо арыз жазып берген.

"Биздин тууганыбызга карата эч кандай дообуз жок, тосмо арыз жазып бердик. Өз ара элдешип алганыбызды эске алып айыпталуучуну токтоосуз бошотуп бериңиздерди суранабыз", - деп билдиришкен алар.

Соттук териштирүүдө маркумду айыпталуучу унаасы менен тебелетип алып денесине залал келтиргенден кийин маркумдун ооруканага барып дарылануудан баш тартканы, бир тууган карындашы Д.Н. айыпталуучу менен бирге үйүндө каралашып жүргөнү аныкталган. Качан гана маркум эсин жоготуп сүйлөй албай калганда айыпталуучу менен унаага салып алып ооруканага алып барышканы, бирок маркум ооруканага жеткенге чейин каза болуп калгандыгы белгилүү болгон.

Ал эми дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, маркум У. денесине оор жаракат алып, анын негизинде каза болгондугу аныкталган.

Өкүм:

Сот бардык тараптын көрсөтмөсүн жана даттануу арызын эске алып төмөндөгүдөй жыйынтыкка келет. Буга чейин чыккан өкүм, тагыраагы, 8 жыл 2 айга эркиндигинен ажыратуу өкүмү жокко чыгарылсын. Айыпталуучу жазык жоопкерчилигинен бошотулсун, анын жазык иши өндүрүштөн кыскартылсын. Айыпталуучу баш коргоо чарасы алып салынсын жана сот залынан камактан бошотулсун.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-03-10 21:50:11
Кандай эле чыгара берет,Адам олтурдуго.
+5
kamal777
2021-03-11 10:03:05
Кыргыздарда ушундай корунуштор кобойуп баратат. Учетко, контрольго албай калышты.Митингтен башка иштери жок. Мен учун оз олкомдо жашоо стрес менен отуп жатат.
+2
AykaMer
2021-03-11 14:03:15
Бизде качан эле мыйзам честный иштеген. Адамдын өлүмү чымчыктыкындай эле болуп калган давно.
+1
Erlan_95
2021-03-11 15:52:02
Билими 4 класс, 6 баласы бар, ичет. Ммммммм, полный комплект. Билимсиздик ушундайларга алып барат да. Молодецтер, тосмо арыз жазып беришип. Дальше бири-бирин олтуро берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан