Чачташып, тепкилешип... Мушташып жаткан видеосу тараган 13, 14 жаштагы кыздар боюнча тергөө жүрүүдө

Ленин РИИБи массалык маалымат каражаттарына жарыяланган "кыздардын массалык мушташы" аттуу видеонун чоо-жайын түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 9-мартта окуучу кыздардын ортосунда Фучик көчөсүндө болгон. Ал эми бул факты боюнча "102" кызматына эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган жаңжалга тиешеси бар бардык окуучулар белгилүү болгон. Алар 2007-2008-жылы туулган. Кыздар кармалып, иштин бардык жагдайларын ар тараптуу тактоо үчүн Ленин РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген. Учурда зарыл болгон тергөө иш-аракеттери улантылууда, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти Ленин РИИБинин маалымат кызматынан.

Эске салсак, буга чейин интернетке өспүрүм кыздардын мушташып жаткан видеосу тараган. Анда кыздар бири-бири менен чачташып, тепкилеп, мушташып жатканын көрүүгө болот.

Кыздардын чачташып, мушташкан видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Moskva93
2021-03-10 19:32:41
П. А ад. Ул. Ж. Б
+4
Asmat84
2021-03-10 20:26:01
Moskva93,амиий ошолор бекен өлбөдүбү эми шермендее
+11
Gulina90
2021-03-10 21:52:42
Moskva93,таанып калдык Эми эмне болот а шерменде.
+8
nazira...
2021-03-11 00:37:48
Ооба, көздөрүн жаап көрсөткүлө уят. Маска кийип түшүшсүн болбосо.
+3
Aliza_96
2021-03-11 01:59:20
Келтирдинер го, бир жыргап алдым)))
+2
kamal777
2021-03-11 09:47:49
Уят кыздарга. Эркектерден ашып туштунорго.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан