Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова Казакстандын "Абай" эл аралык сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу артисттин кызы Кундуз Авашова менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына арналган маданий иш-чара өтүп, анда апасына сыйлык ыйгарылган.
"Бүгүн кымбаттуу апакем Саламат Садыкова "Абай" атындагы эл аралык сыйлыкка татыктуу болду. Сыйлыкты Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова тапшырды. Сыйлык тапшыруу салтанаты Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын Абай Кунанбаев маданий борборунун залында өттү. Шартка байланыштуу сыйлыкты мен алдым. Мен үчүн дагы күтүүсүз жана бактылуу күн болду", - дейт ал.