Мирбек Атабековдун жубайына арнаган ыры "Супер хитке" кошулду. Сүйүктүү клибиңизге добуш бериңиз

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун "Сүрдөтпөчү" клиби кошулду.

Мирбек Атабеков ыр пандемия учурунда үй-бүлөсү жарым жылдай АКШда калып калган учурда жаралганын айтат.

"Ыр жубайыма арналат. Ал эми уулума, кыздарыма арналган ырлар жакынкы арада жарыкка чыгат. Буга чейин мекен, апа тууралуу ырдап келгем, кезек жубайыма келди. Эми балдарыма арналат, мезгилдин талабына жараша ырлардын темасы өзгөрө берет", - дейт ал.

4-МАРТТАН 11-МАРТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Калыс Жакыповдун "Баары мүмкүн" кавери эң аз добуш топтоду.

9-орунга - Тата Уландын "Келатат жаштар" чыгармасы жайгашты.

8-орун - Мирлан Баековдун "Өксүк ыры" аталышындагы клибине буюрду.

7-орунду - Сагын Эргешовдун "Жүрөгүмө жашап алдыңбы" клиби камсыздады.

6-орунду - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" композициясы багындырды.

5-орунга - Сайкал Садыбакасованын "Жакшы сөз айтчы мага" ыры жайгашты.

4-орунду - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" видеоклиби камсыздады.

3-орун - Кубаныч Баркалбасовдун "Атанын кадырын билеличи" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орун - Айгерим Расул кызынын "Роза" видеокомпозициясына буюрду.

1-орун - Темир Назаровдун "Ойно, ойно" ыры эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү клибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан